20.03.2019 17:02

Түштүк Эңилчек тоолорунда  Ми-8 аскер учагынын кыйраган учуру тасмага түшүп калган (видео)

Түштүк Эңилчек тоолорунда  Ми-8 аскер учагынын кыйраган учуру  тасмага түшүп калган (видео)

2018-жылдын жай айында Кыргызстандын Түштүк Эңилчек тоолорунда  Ми-8 аскер учагынын кыйраган учуру тасмага түшүп калган. Видеону Travel Ideas каналы жарыялады. 

Каналдын маалыматына караганда, кырсык болгон учурда тик учактын ичинде 2 немец жараны, 4 поляк, 3 япон жараны, ошондой эле экипаж мүчөлөрү, гид жана медицина кызматкери болгон. 4 киши оор, 6 киши жеңил жаракат алган. 

Эскерте кетсек, былтыр 9-июлда аскерий тик учак Ми-8 МТВ Түштүк Эңилчек тоолорунда кыйроого учураган. Башкы штаб алгач аскер техникасы альпинисттерди куткарууга жиберилген болчу деп айтканы менен, кийин турфирманын тапшырыгы менен туристтер үчүн азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип баратып кулап түшкөнүн мойнуна алган. 

Капталдан урган катуу шамалдан улам аба кемеси конууга камынган учурунда сол капталына ооп кеткени айтылган. Башкы штаб кырсыктан беш адам —  үч чет өлкөлүк турист, борт кызматкери менен япон тилинин котормочусу жабыркап, ооруканага жаткырылганын билдирген.